Выставка эбру «Кыргызстан: 7 регионов — 7 цветов»


Выставка эбру «Кыргызстан: 7 регионов — 7 цветов»
Выставка
2026, 01 июля, Среда - 2026, 07 июля, Вторник
Национальный Исторический Музей КР

Описание

🌷 «Кыргызстан: 7 дубан – 7 гүл» эбру көргөзмөсү

Кыргызстандын жети дубаны өзүнө гана таандык тарыхы, жаратылышы жана маданий мурасы менен айырмаланат. Бул көргөзмө ошол бай мурастарды эбру өнөрүнүн кайталангыс сулуулугу аркылуу көрүүчүлөргө тартуулайт.

Көргөзмөдө дүйнөгө белгилүү эбру устаты, ЮНЕСКОнун «Адамзаттын жандуу казынасы» наамынын ээси Хикмет Барутчугилдин ( @hikmetbarutcugil ) эмгектери менен катар, кыргыз эбру сүрөтчүсү Мухлиса Имамованын ( @muxlisaimamova ) Кыргызстандын жети дубаны үчүн атайын даярдаган жаңы чыгармалары сунушталат.

Сиздерди Кыргызстан менен эбру өнөрү айкалышкан өзгөчө маданий саякатка чакырабыз.

📅 1–7-июль, 2026-жыл
🕓 Ачылыш аземи: 1-июль, саат 16:00
📍 Кыргыз Улуттук Тарых музейи (Ала-Тоо аянты) - @historymuseum.kg

Көргөзмө Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилигинин ( tc_biskekbe ) колдоосу менен өткөрүлөт.
#Эбристан #Эбру #Кыргызстан #ЖетиДубанЖетиГүл #Көргөзмө

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Выставки»