Стоимость: 200 сом
Локация: Чуйский областной театр им. Ш. Термечикова
Перейти на сайт источника (Kassir.kg)
Келиндер козголоңу
Баяндама
"Келиндер козголоңу" спектаклинде дээрлик бардык окуялар көп балалуу чоң өзбек үй-бүлөсүндө өтөт. Бул үй-бүлө узак жылдар бою балдардын энеси, келиндердин кайненеси Парманбүбү жеке аныктаган ички мыйзамдар менен жашап жүргөн. Бирок өктөм кемпирдин кенже келини Нигора короодогу көндүм эрежелерге каршы чыгып, абысындарын өз тарабына тартууга жетишет.
Пьесадагы күлкүлүү кырдаалдар, таамай айтылган тамаша сөздөр сахнада бөтөнчө бир эстетикалык абалдын жаралышын шарттап, театр күйөрмандарынын азыркы муундарына да жакын жана түшүнүктүү.
Комедиянын аягы жакшылык менен бүтүп, уул-келиндердин жүрөгүн өйүгөн далай көйгөйлөр чечилет белем. Асыресе, ар качандан бир качан үй-бүлөнүн ынтымагын ширетүү маселелери көрүүчүнүн көңүлүнө кыттай орноп калат.