📚 Жакында ololo BOOK CLUB’дын жаңы жолугушуусунда көрүшөбүз!
Бул жолу биздин коногубуз — «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү, «Кара-Булак» экорезортунун негиздөөчүсү жана «JARATMAN» китебинин автору Жумадил Эгембердиев! Ошондой эле биз менен «JARATMAN» китебинин башкы редактору, «РухЭш» адабий сайтынын түзүүчүсү, жазуучу, публицист жана жарандык активист – Олжобай Шакир болот.
«JARATMAN» — бул автобиографиялык китеп, анда Жумадил мырза өзүнүн бала чагынан тартып, алгачкы кыйынчылыктарынан, андан соң Кыргызстандагы эң таанымал бренддердин бирин түзгөнгө чейинки жолун чынчылдык менен баяндайт. Китеп жаратуу, эмгек, жана өз ара колдоо сыяктуу улуттук баалуулуктар жөнүндө ой жүгүртүүгө багытталган.
Жолугушууда сиз:
• «Шоро» жана «Кара-Булак» тарыхын түздөн-түз автордун оозунан уга аласыз.
• Ишкердик — бул жөн гана киреше эмес, мааниси бар маданият жана өнүгүү экенин түшүнөсүз.
• Өз идеяларыңызга жана долбоорлоруңузга шыктануу аласыз.
• Жумадил Эгембердиевге жеке суроолоруңузду бере аласыз.
Эксклюзивдүү мүмкүнчүлүк:
Жолугушууда сиз «JARATMAN» китебин автордун жеке кол тамгасы менен сатып ала аласыздар!
Спикерлер: Жумадил Эгембердиев, Олжобай Шакир
Китеп: JARATMAN
🌟 ololo BOOK CLUB — Janmates китеп дүкөнүнүн өнөктөшчүлүгүндө өтөт. «ololo» промокоду менен китептерге жана башка товарларга 10% арзандатуу аласыз. 🌟
📅 Дата: 26-ноябрь
🕕 Убакыт: 19:00
📍 Дарек: ololoPlanet (Юнусалиев көч., 80)
🎟 Иш-чарага катталуу — профилдин башындагы шилтемеден өтүңүз
Ссылки на источники информации: