Выставка «Жетинин бири... устат – шакирт»

Выставка «Жетинин бири... устат – шакирт»
Выставка

2024, 10 октября, Четверг
2024, 27 октября, Воскресенье

Музей Изобразительных Искусств им. Г. Айтиева


Описание

Урматтуу достор, 2024-жылдын 10-октябрында саат 15:00 «Жетинин бири... устат – шакирт» көргөзмөсүнүн ачылышына чакырабыз.

Кыргыз автономдуу облусунун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган “7нин 1и... устат – шакирт” аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсү, муундардын ортосундагы көркөм өнөргө болгон философиялык ой жүгүртүүлөрдү камтыйт жана терен ойго чөмүлтөт. Бул көргөзмөгө көркөм сүрөт өнөрүнүн ар түрдүү жанрлары: графика, живопись, керамика жаатындагы чыгармалар коюлган. Кыргызда 7 саны чоң мааниге ээ, “7нин 1и”... дегендей ар бир муундагы 7 сүрөчтү өз чыгармаларын эл сынына тартуулайт.
 
Топту бириктирген устат – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Токтоев Сталбек Кудисович. Ал 1983-жылдан бери миңдеген шакирттерди даярдап, чыгармачыл жолго аттантып келе жатат.

Темиров Бахрамжан, Абакиров Азамат, Бокоев Талгат, Сейитбекова Таалайкуль, Токтогулов Залкар, Жороев Нурланбек баары сүрөтчүлөр  союзунун мүчөлөрү. Ар кандай республикалык, эл аралык көргөзмөгөлөрдүн катышуучулары жана эмгектери жеке коллекцияларда, музейлерде сакталууда. Чыгармачылык менен бирге кесипкөй мугалимдик устаттык мурасты да аткарып келүүдө.

Көргөзмө 27-октябрга чейин уланат.


Ссылки на источники информации:

Музей Изобразительных Искусств им. Г. Айтиева

Музей Изобразительных Искусств им. Г. Айтиева