Выставка: Улоо. Устат-шакирт


Выставка: Улоо. Устат-шакирт
Выставка
2026, 22 июля, Среда - 2026, 07 августа, Пятница
Музей Изобразительных Искусств им. Г. Айтиева

Описание

Г. АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨР МУЗЕЙИНДЕ «УЛОО. УСТАТ-ШАКИРТ» АТТУУ КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛАТ

2026-жылдын 22-июлунда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде «Улоо. Устат-шакирт» аттуу көргөзмөнүн ачылыш аземи өтөт.

«Устат-шакирт» долбоору көп жылдан бери үзүрлүү ишке ашырылып келе жаткан чыгармачылык демилге болуп саналат. Долбоор эки муундагы сүрөтчүлөрдү бир көркөм мейкиндикте бириктирип, устаттын чыгармачылык тажрыйбасын жана көркөм салтын жаш муунга өткөрүп берүү менен улуттук көркөм өнөрдүн үзгүлтүксүз өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Быйылкы көргөзмөгө белгилүү сүрөтчү, педагог Сталбек Токтоев жана анын шакирттери Б.Темиров, Н.Кенжеев, М.Асеин уулу, А.Темиров, К.Тере, Т.Сейитбек кызы, Т.Сапарбек уулу, Л.Оболбек кызы жана Р.Мамытбеков катышат.

Экспозицияда живопись, графика жана керамика багытындагы эмгектер сунушталып, ар кыл муундардын чыгармачылык изденүүлөрү аркылуу искусстводогу мурастоолук менен жаңычылдыктын айкалышы чагылдырылат. Көрүүчүлөр устат менен шакирттин ортосундагы чыгармачыл байланыштын кандайча жаңы көркөм чечимдерге жол ачарын байкай алышат.

«Улоо. Устат-шакирт» көргөзмөсү көркөм мурастын муундан муунга өтүшүн, чыгармачылык эркиндиктин калыптанышын жана улуттук көркөм өнөрдүн өнүгүү жолун чагылдырган маанилүү маданий долбоор болуп саналат. Экспозиция көрүүчүлөрдү устат менен шакирттин чыгармачылык диалогу аркылуу искусствонун жандуу өнүгүү процессине күбө болууга чакырат.

Күнү: 22-июль,2026-жыл
Саат: 16:00
Дареги: Абдрахманов көчөсү, 196

Көргөзмө 2026-жылдын 22-июлунан 7-августуна чейин көрүүчүлөр үчүн ачык.
Текст на русском комментариях ⬇️

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Выставки»