VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклор фестивалы
VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалы
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! 2026-жылдын 31-майында Бишкекте эл аралык маданий иш-чара – VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалынын салтанаттуу ачылышы өтөт.
"Наристе" фестивалы – бул дүйнө жүзүндөгү балдарды жана жаштарды достук, чыгармачылык жана өз элдеринин бай фольклордук мурасын сактоо үчүн бириктирген уникалдуу аянтча.
2026-жылы фестивалга Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия, Өзбекстан, Монголия, Румыния, ошондой эле Россия Федерациясынан (Якутия Республикасы), Москва, Екатеринбург, Санкт-Петербург жана Пушкин шаарларынан чыгармачыл топтор катышат.
Фестивалдын алкагында 2026-жылдын 29-майынан 8-июнуна чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл көлдүн жээгинде бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле фестивалдын жүрүшүндө III Бишкек маданий форуму уюштурулуп, ал фестивалдын заманбап багыттарын талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эл аралык кесиптик аянтча болот.
Өткөрүлүүчү жер: Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы
Дареги: Чүй проспектиси, 251
Күнү жана убактысы: 2026-жылдын 31-майы | 14:00–16:00
Кирүү акысыз
Сиздерди маданияттын, каада-салттардын жана балдардын чыгармачылыгынын майрамында конок катары көрүүгө кубанычта болобуз!