Артдокфест Азия


Артдокфест Азия
Фестиваль
2026, 26 мая, Вторник - 2026, 31 мая, Воскресенье
Музей Изобразительных Искусств им. Г. Айтиева
Стоимость: Вход свободный

Описание

26-майдан 31-майга чейин Г. Айтиев атындагы КУКСИМ «Артдокфест Азия» автордук даректүү кино фестивалынын аянтчасына айланат 🎬

Бул күндөрү «Артдокфест/Рига 2026» сынак программасына катышкан тасмалар көрсөтүлөт. Ошондой эле АртдокМектебинин алкагында Европадан жана Орусиядан келген белгилүү режиссёрлор, продюсерлер жана документалисттердин мастер-класстары уюштурулат.

Бул жылкы программада Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн тасмалары орун алган. Алардын катарында кыргызстандык режиссёрлор Алиман Токтогулова менен Караш Жанышовдун Ригадагы фестивалда «Эң мыкты режиссёрлук иш» байгесине татыган «Псы» («Иттер») аттуу тасмасы да бар.

АртдокМектебинин алкагында фотограф жана документалист Анна Артемьева (Орусия), режиссёр Алина Рудницкая (Чехия), режиссёр жана продюсер Марианна Каат (Эстония), продюсер Гунтис Тректерис (Латвия), ошондой эле фестивалдын директору — режиссёр жана продюсер Виталий Манский (Латвия) менен жолугушуулар өтөт.

Катышуучулар каармандар менен иштөө, европалык продюсерлер менен кызматташуу, тартуу иштеринин коопсуздугу жана даректүү кинолорду фестивалдарда таанытуу маселелерин талкуулашат. Мектептин программасы даректүү кино жана журналистикага кызыккан бардык инсандарга — жаңыдан баштаган авторлордон тартып, бул чөйрөдө иштеп жаткан адистерге чейин пайдалуу болот.

📍 Тасмаларды көрсөтүү Г. Айтиев атындагы КУКСИМде, ал эми мастер-класстар Olive Hotel мейманканасынын конференц-залында өтөт.

🎟 Кирүү акысыз, каттоо талап кылынбайт.

Жаш курагы: 12+

💬 Бардык тасмалар англисче субтитрлер менен көрсөтүлөт.

Программа — фестивалдын расмий баракчасында: @artdocfest.asia

«Артдокфест» — эл аралык даректүү кино фестивалы. Ал 2007-жылдан 2022-жылга чейин Москвада өтүп, Орусиядагы автордук даректүү кинонун эң ири аянтчаларынын бири болгон. Кийинчерээк өзүнүн эл аралык макамын жана негизги сынак программасын сактап калуу менен ишин Ригада уланткан.

«Артдокфест Азия» долбоору 2022-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрүндө атайын көрсөтүүлөрдү уюштуруп келет. Фестиваль ар кайсы жылдары Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда өткөрүлүп келген.

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Фестивали»