Выставка «Душевный трепет» Табылды Коомбаева
Выставка
2025, 11 сентября, Четверг
- 2025, 11 октября, Суббота
Описание
11-сентябрда Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде сүрөтчү Табылды Коомбаевдин «Сезимдеги толгонуу» аттуу жеке көргөзмөсү ачылды. Музейдин залдарынын биринде жайгаштырылган бул көргөзмө сүрөтчүнүн жарым кылымдан ашык убакытка созулган чыгармачылык жолун чагылдырат.
1949-жылы туулган Табылды Коомбаев өзүнүн кесиптик жолун 1967-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайында баштаган. Ал М.В. Фрунзенин үй-музейинде реставратор, ошондой эле «Ленинчил жаш» жана «Кыргызстан маданияты» гезиттеринде сүрөтчү-макетчи болуп эмгектенген.
Майлуу пастель — пигмент менен өсүмдүк майынан жаралган, түстөрдү терең жана каныккан сүртүмдөрдү берүүгө мүмкүндүк берген өзгөчө көркөм материал. Табылды Коомбаев өзүнүн эмгегинде пастелдин касиеттерин масштаб, тереңдик жана карама-каршылыктар аркылуу кеңири ачып, анын көркөм мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланат.
Биз сүрөтчү менен анын өмүрү жана чыгармачылыгы, ошондой эле пастел эмне себептен анын көрүүчү менен сүйлөшүүнүн негизги каражатына айланганы тууралуу сүйлөштүк. «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү
11-октябрга чейин уланат.
Маекти толугу менен биздин Artbulak/ Артбулак телеграм-каналыбыздан окуңуз
(шилтеме профилдин баяндамасында).

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Выставки»