Кыргызстан масштабдуу эл аралык мааниге ээ – Бүткүл дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалын өткөрүүнүн алдында турат. Фестиваль 2025-жылдын 1-августунан 3-августуна чейин Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде өтөт.
Учурда, фестивалга 51 өлкөдөн 133 салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрдун, ишмерлердин жана илимпоздордун катышаары тастыкталды. Алардын арасында Австрия, Улуу Британия, Индия, Түштүк Корея, Египет, Япония, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, АКШ жана ондогон башка өлкөлөрдөн келе турган музыканттар, окумуштуулар, ишмерлер жана продюсерлер бар.
Фестивалдын алкагында өтүүчү иш-чаралар:
Салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрдүн Эл аралык сынагы;
Салттуу маданият жана искусствонун илимий-теориялык маселелерине арналган Эл аралык конгресс;
Салттуу музыкалык искусство Маркет аянтчасы – маданий тажрыйбалардын жана идеялардын жарманкеси.
"Рух Санат" фестивалынын алкагында оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун аваздык-аспапчылык багыты боюнча Эл аралык сынак өтөт. 7-июлга карата алынган маалыматка ылайык, АКШдан Японияга чейин, Венгрия, Бангладеш, Гвинея жана Непал сыяктуу өлкөлөрдөн, б.а., 15 өлкөдөн 60 катышуучу, анын ичинде 9 жеке аткаруучу жана 12 топ катышат. Кыргызстандын атынан катышуучулар такталууда.
Сынактын катышуучулары өз элинин уникалдуу чыгарамаларын, мисалга, тувалыктар көмөкөй ырын, жапондор тайко барабандарын, араб макамдарын, казак, өзбек күүлөрүн тартуулашмакчы. Сынак, этностордун оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствосунун бийик дараметин, өзгөчөлүгүн, кубатын чагылдыруу менен бирге, катышкан музыканттардын профессионалдык деңгээли аркылуу бүгүнкү күндөгү аталган искусствонун абалын айгинелейт.
"Рух Санат" фестивалынын алкагында өтө турган “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, өнүгүү маселелери” аталышындагы Эл аралык конгресске жүздөн ашуун окумуштуулар, этно музыка таануучулар онлайн, оффлайн форматта катышат. АКШ, Нидерланды, Россия, Словения, Малайзия, Япония, Улуу Британия жана Казакстан жана башка 20 өлкөдөн көрүнүктүү изилдөөчүлөр келмекчи.
Ссылки на источники информации: