Открытие выставки Мухтара Ысмайылова


Открытие выставки Мухтара Ысмайылова
Выставка
2026, 12 февраля, Четверг, 15:00
Ошский областной музей изобразительных искусств имени Т. Садыкова

Описание

МУХТАР ЫСМАЙЫЛОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖОЛУНА АРНАЛГАН ЖЕКЕ КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛАТ

2026-жылдын 13-февралында саат 15:00дө Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, сүрөтчү Мухтар Зулпукарович Ысмайыловдун 45 жылдык чыгармачылык жана педагогикалык ишмердүүлүгүнө арналган жеке көргөзмөсү ачылат.

Мухтар Ысмайылов 1961-жылы Ноокат районунда туулган. Ал 45 жылдык педагогикалык тажрыйбага жана 32 жылдык жогорку окуу жайдагы эмгек стажына ээ. Учурда Ош мамлекеттик университетинде доцент болуп иштеп, жаш адистерди даярдоого салым кошуп келет.

Сүрөтчүнүн чыгармаларында жаратылыш, улуттук иденттүүлүк жана адам менен табияттын гармониясы философиялык деңгээлде чагылдырылган. Анын полотнолору кыргыз көркөм маданиятынын баалуу мурастарынын катарын толуктоодо.

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Выставки»