Айтыш–2026


Айтыш–2026
Концерт
2026, 17 февраля, Вторник, 15:00
Кыргызский национальный театр «Манас»
Стоимость: Вход свободный

Описание

АЙТЫШ–2026: УЛУТТУК РУХТУ ДАҢАЗАЛАГАН ЖАШ АКЫНДАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК АЙТЫШЫ ӨТӨТак

2026-жылдын 17-февралында саат 15:00дө Кыргыз улуттук “Манас” театрында “Акжолтой менен Майра эне, Ак булак менен дайра эле” аттуу республикалык жаш акындардын айтышы өтөт.

Бул иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз мамлекетинин азаттыгын, бүтүндүгүн жана эгемендигин даңазалаган, элдин келечегине кам көрүп, калк кызматын аркалаган өрнөктүү инсандын жасаган иштерин жар салуу. Ошондой эле өмүрү өрнөк болгон эл уулунун жакшы сапаттарын коомго үлгү кылып көрсөтүү, жаш муунду ыйман-ызаатка, нарк-насилге тарбиялоо болуп саналат.

Айтыш аркылуу кыргыз элинин төл маданиятынын нукура үлгүсү болгон төкмөлүк өнөрдү жайылтуу, жаш акындардын чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана улуттук руханий мурасты сактоо максат кылынат.

Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан келген таланттуу жаш төкмө акындар катышып, коомдук мааниге ээ болгон актуалдуу темаларда айтышып, элге руханий азык тартуулашат.

Айтыш кыргыз маданиятынын жандуу формасы катары улуттук биримдикти бекемдөөгө, коомдо адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Дареги: Кыргыз улуттук “Манас” театры, Самойленко 2/9

Күнү: 17-февраль 2026-жыл
Убактысы: 15:00
Кирүү акысыз!

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Концерты»