Стоимость: 500-1000 сом
Локация: Национальная филармония имени Т. Сатылганова
Перейти на сайт источника (Kassir.kg)
Аалы Туткучов.
«КОШУНАЛАР» комедиялык концерт-спектакли.
«Кошуналар» - айылда жашаган эки кошунанын бир үзүм жаркын турмушун чыгылдырган комедиялык концерт-спектакль.
Спектаклдин сценарийи “Бирик Кыргыз, бириккенде байрагың бийик Кыргыз”, “Оңдош үчүн ааламды, оңдош керек адамды”, “Ааламдан кең апа сенин бешигиң”, “Катын калп айтпайт, каңырыш угат. А эркектерчи?.. ” аттуу концерт-спектаклдердин автору, КР Эл акыны Аалы Туткучовго таандык.
Тамашалуу оюн-зоокко Улуттук филармониянын Э. Турсуналиев атындагы «Эл ырчысы Эстебес», А. Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» фольклордук топтору катышып, Н. Түгөлов атындагы Мамлекеттик «Ак-Марал» бий ансамблинин оркестри коштойт.
Спектаклдин максаты – коомдун турмушун жакшыртыш үчүн ар бир атуулдун ага болгон кайдыгерсиз кызыкчылыгы, чын дилден жасаган аракети жана ак ниет камкордугу керек экендигин айтат.
Оюндун жүрүшүндө бири бири менен маңдай-тескей жашаган коңшулардын жашоо-турмушу чагылдырылат. Бир үйдүн орто жашка барып калган энеси, биринин улгайып калган атасы бар. Эки үй бүлөнүн балдары дайыма бири бирине эрегишкен чыр-чатак менен жашап келишет. Кошуналарды ынтымакка алып келип, айыл ичине бейил тынчтыкты орнотуу үчүн айылдын молдосу шариятты шартка түздөп, укук коргоо кызматкери мыйзамды мыкты колдонуу менен абышка-кемпирди баш коштурушуп, чыр-чатактуу эки кошуналарды ынтымактуу бир үй бүлө кылышат.
Адаттан тышкары иш кылып, абышка-кемпирди баш коштуруп, алардын араздашкан балдарын бир тууган кылган амалкөй молдо менен ак ниет милиция кызматкеринин жоругун келип чогуу көрүңүздөр.
Комедиялуу концерт-спекталибиз ыр-күү менен коштолуп, Сиздерге көңүл эргиткен жагымдуу маанай тартуулайт!
Сиздерди, 21-22 майда саат:18:30да, Улуттук филармониянын чоң сахнасынан күтөбүз!