Келкел


Келкел
Спектакль
2026, 05 марта, Четверг, 18:30
Кыргызский Государственный театр юного зрителя им. Бакен Кыдыкеевой
Стоимость: От 500 сом

Описание

КЕЛКЕЛ
( тарыхый драма)
       📌 КР эл жазуучусу  Т. Касымбековдун “ Келкел”  тарыхый романын негизнен инценировкаланып жазылган пьеса чыгарма.
        ✍️Консультант -  Өмүрзак  Токтомуратов 
       🎬Режиссер – Эркин Эгембердиев
       ✍️Режиссердун ассистенти- Таалай Маамытов 
       🎨Сүрөтчү- Бектур уулу Сыймык
       🎻Композитор – Алмаз Кунанбаев  
 

   🚩«Келкел» тарыхый драмасы — кыргыз элинин оор тагдыры,  улуттук ар намыс, салт-санаа жана адамдык абийир темасын ачкан терең мазмундуу сахналык чыгарма. Спектакль КР Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун тарыхый романынын негизинде инсценировкаланып, бир доордун оор сыноолорун, бийлик менен чындык, коркунуч менен кайраттын, өлүм менен өмүрдүн , таймашын көркөм чагылдырат.
   Падышалык бийликтин зомбулугу, адилетсиз айыптоолор жана күч колдонуу аркылуу элдин эркин сындыруу аракети кыргыз коомунун ички нарктык мыйзамдары менен кагылышат. Спектаклдин өзөгүндө - аял затынын ыйык абийири, улуттук каада-салттын кол тийбестиги жана ошол наркты коргоо үчүн башын сайган эр азаматтардын тагдыры жатат.


Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Театр»