Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 1-2-ноябрда «Эсте калган обондор» аттуу РЕТРО-концерт тартууланат! Концертте Н. Түгөлов атындагы Мамлекеттик «Ак-Марал» бий ансамблинин оркестринин коштоосунда Улуттук филармониянын атактуу ырчылары: КР эл артисттери: Анарбек Ибраев, Саламат Садыкова, Керим Турапов, Султан Каримов; КР эмгек сиңирген артисттери: Кутман Жолдошов, Салима Балтаева, Гүлнара Өмүрзакова, Токтобек Асаналиев, Токтогул Рысалиев, Тилек Найманбаев; Ырчылар: Назира Токонова, Аксай Мукамбет уулу, Талант Токомбаев, Аскат Мусабеков, Азамат Жоробаев, Каныкей, Санжар Төрөгулов, Курал Чокоев, Миргүл Асаналиева, Элера Кабылжан кызы, Ырыскелди Сатыбалдиев, Мейликан Темирова, Урмат Сатыбалдиев, Айзирек Абдирашитова, Азат Садыков, Эламан Жалалов, Алтынай Асанбекова, Калыс Айтбаевдер залкар обончу-композиторлордун эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ажайып ырларын тартуулашат! Концерт 18:30да башталат. Кечикпей келүүңүздөрдү суранабыз. Кечки концерттерге 7 жашка чейинки балдар киргизилбейт. Билеттер филармониянын кассасында жана kassir.kg сайтында сатылууда.
Ссылки на источники информации:
Кыргызская Национальная Филармония им. Токтогула Сатылганова
Кыргызская Национальная Филармония им. Токтогула Сатылганова
Кыргызская Национальная Филармония им. Токтогула Сатылганова
Кыргызская Национальная Филармония им. Токтогула Сатылганова