День мира


День мира
Выставка
2026, 08 августа, Суббота, 12:00 - 15:00
Kyrgyz-Japan Center (KRJC)
Стоимость: Вход свободный

Описание

«Тынчтык күнү» - бул Хиросима жана Нагасаки шаарларына атомдук бомбалоонун курмандыктарын эскерүүгө арналган KRJC тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара (1945-жылдын августу).

Японияда байыркы ишеним бар: эгерде 1000 кагаз турна (сембадзуру) бүктөлсө, чын дилден тилеген тилеги сөзсүз орундалат. KRJC 1000 кагаз турна чогултуу боюнча акция жарыялайт, алар кийин Хиросима шаарынын мемориалдык музейине жөнөтүлөт.

1945-жылдагы Хиросима жана Нагасакидеги каргашалуу окуяларды эскерүү үчүн KRJC иш-чарасы «ачык эшиктер» формасында өтөт. Бардык каалоочулар япон элинин трагедиясына арналган мультипликациялык жана даректүү тасмаларды көрүп, өздөрүнүн «тынчтык турналарын» бүктөп, каллиграфиялык жазууларды жазып, япон кото аспабынын үнүн уга алышат.

Күнү: 8-август (ишемби)
Убактысы: саат 12:00дөн 15:00гө чейин
Дареги: Турусбеков көчөсү 109, КУУнун 7-корпусу, 2-кабат (KRJC)
Кирүү акысыз

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Выставки»