Кино под открытым небом: IV Бишкекский международный кинофестиваль.


Кино под открытым небом: IV Бишкекский международный кинофестиваль.
Кино
2026, 08 июня, Понедельник - 2026, 11 июня, Четверг
Площадь имени Т. Усубалиева (Старая площадь)
Стоимость: Вход свободный

Описание

АЧЫК АСМАН АЛДЫНДА ЧОҢ КИНО: IV БИШКЕК ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫ АКЫСЫЗ КӨРСӨТҮҮЛӨРГӨ ЧАКЫРАТ

IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында 2026-жылдын 8–11-июнь күндөрү борбор калаанын тургундары жана коноктору ачык асман алдында өтө турган акысыз кино көрсөтүүлөргө күбө болушат. Иш-чара Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта (Эски аянт) уюштурулуп, шаардыктарга кино искусствосунун өзгөчө майрамын тартуулайт.

Фестивалда чоң экрандан ар кыл өлкөлөрдүн жана маданияттардын мыкты тасмаларын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бир нече күнгө созулган көрсөтүүлөрдүн жүрүшүндө аянт заманбап ачык кинотеатрга айланып, шаар тургундары үчүн жайкы кечтерди мазмундуу өткөрүүгө шарт түзөт.

Ачык асман алдындагы кино көрсөтүүлөр фестивалдын негизги максаттарынын бири болгон кино искусствосун кеңири аудиторияга жеткирүүгө багытталган. Уюштуруучулар кино сүйүүчүлөрдү, үй-бүлөлөрдү жана жаштарды маданий иш-чарага активдүү катышууга чакырышат.

Дареги: Т. Усубалиев атындагы аянт (Эски аянт), Бишкек шаары
Көрсөтүүлөрдүн күндөрү: 2026-жылдын 8–11-июну
Кирүү: Эркин

Текст на русском комментариях ⬇️

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Кино»