Бир келип кетчи Ош жакка
Урматтуу театр сүйүүчүлөр!
Ош улуттук драма театры ___ -сентябрда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Арслан Койчуевдин чыгармасы боюнча даярдалган “ТАГДЫР ЖӨНҮНДӨ ЫР” (“Бир келип кетчи Ош жакка”) спектаклин тартуулайт.
Бул чыгарма – тагдырдын татаал сыноолору, махабаттын бийиктиги жана адамдык улуу сезимдердин драмасы.
Дүйнөлүк согуш. Немис туткуну. Жат жерде өткөн өмүр. Ал – өз жеринде “саткын”, бөтөн жерде “келгин”. Анын бир гана чындыгы бар – ал алыскы кыргыз айылында калган, убакыт да, аралык да өчүрө албаган аруу сүйүүсү.
Режиссеру: Уланмырза Карыпбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти.
Сүрөтчү – Садыр Ниязакунов