Театр мчится вперёд


Театр мчится вперёд
Спектакль
2026, 19 августа, Среда, 19:00
Стоимость: Вход свободный

Описание

БИШКЕКТЕ СЕУЛ ИСКУССТВО ЖАНА МАДАНИЯТ ФОНДУНУН АТАЙЫН ТЕАТРЛЫК ПРОГРАММАСЫ ӨТӨТ

2026-жылдын 19-августунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Сеул искусство жана маданият фондунун (Seoul Foundation for Arts and Culture, SFAC) катышуусунда эл аралык маданий алмашуунун алкагында уюштурулган «Театр алдыга умтулат» аттуу атайын театрлык программа өтөт.

Иш-чара Сеул искусство жана маданият фондунун өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон сапарына карата уюштурулуп, 2026-жылга карата эл аралык маданий алмашуу программасынын алкагында өткөрүлөт.

«Театр алдыга умтулат» программасы кыргызстандык көрүүчүлөрдү Корея Республикасынын заманбап театр искусствосу, кореялык артисттердин чыгармачылыгы жана өлкөнүн театр маданиятынын өнүгүүсүндөгү актуалдуу багыттар менен тааныштырат. Бишкек Сеул, Ташкент жана Астана шаарлары менен катар программанын эл аралык гастролдук маршрутундагы шаарлардын бири болот.

Программаны өткөрүү Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы маданий байланыштарды мындан ары чыңдоого, эки өлкөнүн чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн кесиптик кызматташтыгын өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Кыргыз тарап Сеул искусство жана маданият фонду менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, маданий алмашууну кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Корея Республикасынын искусство ишмерлеринин ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого кызыкдар.

Өтүүчү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы
Күнү: 2026-жылдын 19-августу
Убактысы: 19:00
Кирүү: акысыз
Текст на русском комментариях ⬇️

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Театр»