Адам өзүн таппай, жолун таппай турган учур болот, ал учур адамды изденүүгө түртөт. Манас эпосунда чоролор өзүн таппай, өзүнүн жолун таппай билип билбей Манаскты издеп чыгышат. Манаска келгенде үйү жок чоро үйлүү болот, тону жок тондуу болот, аялы жок чоро аял алат, эли жок элин табат, башы жок эл канын табат. Манаска келген чоронун багы ачылат, туш тушка кан кылат, туурдугунан май тамат. Кайсы сырды Манас чоролорго ачып берет, жана биз Манаска кантип кайтабыз, кантип багыбызды табабыз семинарда талкуу кылабыз.
Ссылки на источники информации: