Автор Л.Молдалиева
"Жат эмесмин"
(А.Гилязовдун “Үч арыш жер” повестинин негизинде)
(драма)
Койгон режиссер – Уланмырза Карыпбаев
Сүрөтчүсү – КР Эл сүрөтчүсү М.Шарафидинов
Ролдордо:
Мирвали - Өмүрзак Токтомуратов
Манишайым – Нурай Аскарбекова
Мирвалинин жаш кези – Элдияр Джарашев
Манишайымдын жаш кези – Муканбет кызы Алтынай
Мирвалинин атасы – Жуманазар Турдубаев,
НКВДнын офицери, Хайдар, аты уйкаш – Нурбек Эсенгазы уулу
Аннотация
Драмада совет доорундагы кулакка тартуу жөнүндө жана ошондогу адам тагдыры өтө аянычтуу сүрөттөлөт. Бул аркылуу тарыхка акыйкат баа берүүгө коомду чакыруу идеясы көтөрүлгөн.
Мирвалинин атасын кулакка тартып, жашаган үйүн жана болгон мал-мүлкүн өкүмзордук менен мамлекетке өткөрүп алууга аракет кылышат. Мирвали ошондо жашаган үйүн жана айдоо аңызын өрттөп салып, качып кетүүгө аргасыз болот. Бөтөн эл, бөтөн жерде жашап жүрүп, көп жылдан соң өз айылына кайтып келүүгө, өз ата-конушуна ээ болууга чындык жол берип турса да, өз жерин өзү өрттөгөн жаман аты дагы деле эл арасында калбайт. Жубайы Манишайым катуу ооруп, анын ата-конушуна болгон кусалыгын басуу үчүн айылга кайтып келүүгө аргасыз болушат.
Драмада Мирвалинин өмүр бою жүрөктө айта албай келген чындыгы айтылат. Бул аркылуу тарыхка акыйкат баа берүү.
Ссылки на источники информации: