Жаш Булбул — финалдык айтыш


Жаш Булбул — финалдык айтыш
Концерт
2026, 26 сентября, Суббота, 14:00
Амфитеатр парка «Асман»

Описание

«ЖАШ БУЛБУЛ» — ФИНАЛДЫК АЙТЫШ!

2026-жылдын 26-сентябрында Асман паркынын амфитеатрында 30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын республикалык «Жаш булбул» айтышынын финалдык баскычы өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.

Финалдык баскычта тандоо турунан өткөн 12 жаш төкмө акын өз ара өнөр талашат:

Исаков Сыймык
Жайлообаева Касиет
Абдыкапарова Айдай
Макулбеков Байел
Темирбеков Ырыскелди
Султанжанова Фарида
Кулпеишов Актилек
Турсуналиев Зарылбек
Имерова Алия
Жакыпов Мажит
Адыл кызы Айжан
Темирали уулу Нурболот

Финалдык айтышта жаш төкмө акындар комуздун коштоосунда төкмөлүк өнөрүн, сөз тапкычтыгын, чечендигин жана чыгармачылык дараметин көрсөтүшөт.

Күнү: 26-сентябрь 2026-жыл
Башталышы: 14:00
Дареги: Асман паркынын амфитеатры
Текст на русском комментариях ⬇️

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Концерты»