Урматтуу достор! 6-декабрь күнү, 15:00до Теңир тоолук сүрөт чеберлеринин «Туулган жерим, асыл бешигим» аттуу көргөзмөсүнүн ачылышына чакырабыз.
Кыргызстандын башка аймактарына караганда суук күндөр көбүрөөк болот Элинин кулк-мүнөзү да ошондой... Жутунбайт... Кеңпейил... Тоңмүнөз... «Кыбыраган кыр ашат” дейт кылым карыткан кыргыз эли... Анын жандуу күбөсү теңиртоолуктардын чыгармачылыгы...
Көргөзмөгө Нарын сүрөтчүлөр коомунун мүчөлөрү катышат. Кыл калем чеберлеринин чыгармалары бул өзүнчө эле бир симфония... Симфония кайрыктары бирде Тенир Тоонун тоолоруна булут болуп уюса, бирде Соң-Көлдүн толкунунда толгонот.. Бирде Ак Талаанын айдынын араласа, бирде Атбашынын ак кар, көк муз чулгаган тоолорунда кайкып учуп, кара Кочкордун шамалына жүзүн тосот. Бирде Жумгалдын айыл кыштагын сабалап, элибиздин көчмөн турмушунун тарыхын саймедиреп төгө берет... Тоолор менен талааларда шаңшыйт... Биз ким элек, ким болдук деген суроого авторлор жооп издеп жаткандай...
Бул көргөзмө-көркөм өнөрдүн ар түрдүү формаларын жана техникасын бириктирип, таланттуу чеберлер жараткан искусство чыгармалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
#aitievmuseum #выставкавбишкеке #выставкавбишкеке
Перейти на сайт источника (Музей Изобразительных Искусств им. Г. Айтиева)