Султан Раев: Күн кармаган бала

Султан Раев: Күн кармаган бала
Спектакль

2024, 31 октября, Четверг, 19:00

Стоимость: 300-800 сом

Кыргызский академический драматический театр им. Т. Абдумомунова

Купить билет (kassir.kg)


Описание

С.Раевдин “Күн кармаган бала” спектаклине аннотация

“Үлгүлүү, астыңкы” делген айылдын социалдык турмушу: төрөгөн баласын ажатканага таштагандан айбыкпаган  аял, жан-дүйнө деградациясына учураган, аракка тоюп алган аракечтер, маңкуртчулук менен алмончоктой кыздын зордуктап өтүрүлүшү, күнөөлөрүн жашырыш үчүн айыпсыз жетим баланы атайылап машине менен тебелетип о дүйнөгө жөнөтүшкөн адам-айбандар, жеке кызыкчылык үчүн бардыгына көз жумуп, абийирсиз жорук-жосундарга барып жаткан бригадир Митал, илгертен ата-бабасы конуштап келген бир боор айылынын ордуна суу сактагыч куруу демилгесин көтөрүп, элди куураткан, эски мазардын четиндеги бабалардын мүрзөсүн түзөтүп, арбакты тепсеп, жүгөрү айдатып, план толтуруп, даңктуу раис атыккан Басыт жана ага сын айткан чабанды тебелеп-тепсегени ачык көрсөтүлүп, адеп-ахлак кунарсыздыгы, пейилдин бузулушу бүгүнкү мезгилдин да ачуу реалдуулугу экендигин берип турган терең жана көп маанилүү спектакль.
Коомдогу терс көрүнүштөрдү  ачык көрсөтүп, адам баласын өлүм алдында алдастабай, тирүүлүктө адам болуп, туура жашап өтүү менен бирге моралдык асылдыкка чакырган турган чыгарма.

Спектаклдин режиссеру  - У.Карыпбаев
2022-жыл.
 


Ссылки на источники информации:

kassir.kg