Бишкекте "Чексиз спорт" Пара марафону өтөт
15-ноябрь күнү Бишкек шаарында Д. Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада ("Спартак" стадиону) "Чексиз спорт" деген ураан алдында Пара марафон өткөрүлөт. Марафонго ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышат. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциясы, "Кыргызстан улуттук паралимпиадалык комитети" коомдук бирикмеси, "Жеңил атлетика федерациясы", жана "Дүйнөлүк марафон дирекциясы" коомдук бирикмеси уюштурууда.
Марафондун максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, калкты спортко тартуу жана эл аралык спорттук байланыштарды бекемдөө. Бул марафон инклюзивдүү спортту колдоого жана ар бир адам үчүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, бирдей шарттарды түзүүгө багытталган.
Марафон 11:00дө расмий ачылыш аземи менен башталып, анда расмий өкүлдөр жана коноктор катышат. Спортчулар жеңил атлетика жана башка спорт түрлөрүн көрсөтүшөт, иш-чара 14:30да майрамдык программа менен аяктайт.
Иш-чаранын программасы:
Катышуучулардын чогулушу: 10:00 - 10:50
Ачылыш аземи: 11:00 - 11:30
Спорттук мелдештер: 11:30 - 13:30
Концерттик программа: 13:30 - 14:10
Иш-чаранын жабылышы: 14:10 - 14:30
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу:
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2024-жылдын 15-октябры баштап 6-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Катышууну каалаган спортчулар өзүлөрүнүн жеке маалыматтарын жана медициналык маалыматын төмөнкү дарекке жөнөтө алышат: runthesilkroad@gmail.com.
Кошумча маалымат жана катталуу боюнча суроолор үчүн: 0500 33 99 70.
Бардык каалоочуларды катышууга жана спортчуларды колдоого чакырабыз!
Ссылки на источники информации: