Бишкекте ачык асман алдындагы музыкалык кечелер
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы баарыңыздарды ачык асман алдындагы музыкалык кечелерге чакырат. Август айынын ичинде, ар жума күнү саат 19:00дө сизди унутулгус музыкалык чыгармалар күтөт. Сиз Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл топтору тарабынан даярдалган сонун музыкадан, түрдүү аспаптардан жана таасирдүү спектаклдерден ырахат ала аласыз. Ыңгайлуу болуу үчүн биз музыкалык кечелердин графигин түздүк.
8-августта – Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестринин жана «Доор» фольклордук ансамблинин концерти. Өткөрүлүүчү жери: Ынтымак-2 паркы;
16-августта – “Семетей” ыр жана бий ансамбли жана орустун “Сувенир” ыр жана бий ансамбли. Өткөрүлүүчү жери: Уркуя Салиева атындагы аянт;
23-августта – Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестри жана «Кыргыз-Руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли. Өткөрүлүүчү жери: Курманжан-Датка эстелигинин жанындагы аллея.
Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди ачык асман алдындагы музыкалык кечелерде чыдамсыздык менен күтөт жана бул иш-чаралар сизде эң позитивдүү жана жаркын таасир калтырат деп ишенет. Музыкалык кечелерде көрүшкөнчө!