Мастер-классы к 100-летию Кыргызского драмтеатра
Мастер-класс
2026, 27 октября, Вторник, 9:00
- 10:30
2026, 28 октября, Среда, 9:00
- 10:30
2026, 29 октября, Четверг, 9:00
- 10:30
2026, 30 октября, Пятница, 9:00
- 10:30
Описание
КЫРГЫЗ УЛУТТУК ДРАМА ТЕАТРЫНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МАСТЕР-КЛАССТАР ӨТКӨРҮЛӨТ
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын 100 жылдык мааракесине карата 2026-жылдын 27–30-октябрында театр искусствосунун өкүлдөрүнүн катышуусунда мастер-класстар өткөрүлөт.
Иш-чаранын максаты — театр искусствосунун өкүлдөрүнүн кесиптик тажрыйбасын бөлүшүү, актёрдук чеберчиликти өнүктүрүү жана заманбап театрдын жаңы ыкмалары менен тааныштыруу.
Төрт күнгө созулган мастер-класстардын программасы актёрдук чеберчилик, сахналык машыгуу, этюддар менен иштөө, драмалык чыгармаларды талдоо жана саундрама багыттарын камтыйт.
Мастер-класстардын программасы:
27-октябрь, саат 09:00–10:30 — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров «Тренинг жана муштра» темасында мастер-класс өткөрөт.
28-октябрь, саат 09:00–10:30 — Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино режиссёру Нурлан Асанбеков «Этюддар» темасы боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт.
29-октябрь, саат 09:00–10:30 — Казакстан Республикасынын маданият ишмери, театр режиссёру Баатырбек Шамбетов «Драманы анализдөө» темасында сабак өтөт.
30-октябрь, саат 09:00–10:30 — театр актрисасы, режиссёр жана педагог Айнура Качкынбек кызы «Актерлор үчүн музыкалык,ритмикалык көнүгүүлөр.» багыты боюнча мастер-класс өткөрөт.
Мастер-класстар Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын №12 кабинетинде өтөт. Дареги: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 230.
Иш-чарага театр ишмерлери, актёрлор, режиссёрлор, студенттер жана театр искусствосуна кызыккан бардык каалоочулар чакырылат.
Мастер-класстар театрдын кылымдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлүп, катышуучуларга кесиптик билимдерин тереңдетүүгө жана чыгармачылык тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Текст на русском комментариях ⬇️

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Развитие»