Кылым карытар бир күн

Кылым карытар бир күн

2024, 14 июня, Пятница, 18:30

Стоимость: 300 сом

Локация: Кыргызский академический драматический театр им. Т. Абдумомунова

Перейти на сайт источника (Kassir.kg)

Перейти на сайт источника (Ticket.kg)


Описание

Ч.Айтматов
“Кылым карытар бир күн” (драма)

Режиссеру – Н.Мендебаиров, КР Эмгек сиңирген артисти, Ч.Айтматов,  М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктардын ээси
Сүрөтчү-коючу – Б.Тилекматов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Музыкалаштырган – К.Асанбаев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, А.Осмонов
Режиссердун ассистенти – Д.Жанжигитов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
Режиссердун жардамчысы – А.Кыдыршаева
Театрдын Көркөм жетекчиси  - Н.Мендебаиров, Н.Мендебаиров, КР Эмгек сиңирген артисти, Ч.Айтматов,  М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктардын ээси 
Театрдын директору – А.Өзүбеков, КР эл артисти

Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы улуу Ата-Мекендик согуш учурундагы  Сарөзөк чөлүндөгү темир жолчулардын өмүр жолун, ички трагедиясын, кубанычын жана кайгысын баяндайт. Спектаклде согуштун запкысын тарткан жөнөкөй элдин кубанычы менен кайгысы,  адам баласынын башы менен кошо жата турган көрө албастык, чыккынчылык, карөзгөйлүк, ата-менен баланын ортосундагы эч нерсеге алмаштыргыс сүйүү,  жана эң аруу сезим махабат баяны чагылдырылат. Сарөзөк чөлүндөгү Бороонду разъездинде өмүр боюу кызмат кылган Едигей менен Казангаптын турмуштун оордугуна, кубанычы-кайгысына карабай  шерттешкен сөздөн тайбаган бекем  достугу жана Едигейдин ички трагедиясы, эскерүүлөрү кеңири ачылмакчы. 

Катышуучулар:
Эдигей – Д.Жанжигитов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
Үкүбала – А.Кыйыкбаева, КР эмгек сиңирген артисти
Сауле – А.Таалайбек кызы, Н.Бекмурат кызы
Казангап – Н.Салидинов, КР эмгек сиңирген артисти
Эдилбай – Э.Осмонов, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты
Сабитжан –Ж.Касейинов
Айзада – А.Имашова, КР Ардак грамотасынын ээси, М.Касаболотова
Абуталип – Ж.Сманов, Ж.Кангелдиев – КР эмгек сиңирген артисти
Зарипа – Г.Сатарова, Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын ээси
Эрмек – А.Дүйшөнбеков
Таңсыкпаев – А.Өмүрбеков, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты, Ж.Касейинов
Текшерүүчү – К.Сарыбаев
Лейтенант – Б.Шаршенбаев, А.Карагулов
Күзөтчү – С.Тургунмамат уулу
Аракеч күйөө – А.Качкынбаев, А.Болорбек уулу
Маңкурт – Ө.Израилов, А.Осмоналиев 
Найман эне – А.Назаркулова, КР эл артисти , К.Сейдалиева, КР эл артисти
Абилов – Т.Жумагазиев, КР эмгек сиңирген артисти, М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси 

Ч.Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" спектаклинин жетишкендиктери:
- 2019-жылы Д.Күйүкованын 100 жылдыгына арналган ХI республикалык театр фестивалында  Гран-Прини багындырган;
- 2019-жылы VII Эл аралык ART-ORDO театр фестивалында  Ч.Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" спектакли Кыргыз Республикасынын Президентинин башкы сыйлыгына татыган;
- 2019-жылы  спектаклдин  жаратуучулары Ч.Айтматовдун чыгармасын жогорку деңгээлде алып чыккандыгы үчүн  "Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыгы" менен сыйланышкан.
Алар:
1. Н.Мендебаиров - спектаклдин режиссеру
2. А.Назаркулова, КР эл артисти - Найман эненин образы үчүн
3. Н.Салидинов - Казангаптын образы үчүн
4. Д.Жанжигитов - Эдигейдин образы үчүн
5. А.Имашова - Айзаданын образы үчүн.

- 2019-жылы спектаклдин каармандарынын образдарын жараткан артисттер "Эргүү" улуттук театр сыйлыгынын ээси болушкан. 
Алар:
- "Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн" номинациясын "Кылым карытаар бир күн" спектаклиндеги Сабитжандын ролу үчүн - Азиз Мурадилаев;
- "Эң мыкты эпизоддук ролу үчүн" номинациясын "Кылым карытаар бир күн" спектаклиндеги Айзаданын ролу үчүн Альбина Имашова.

Кыргызстан, Бишкек г., Абдымомунова улица, 222
+996 (312) 66–57–17 касса +996 (312) 66–05–90 для коллективных заявок

Все материалы сайта TICKET.KG являются объектами авторского права (в том числе дизайн). Запрещается копирование, распространение (в том числе путем копирования на другие сайты и ресурсы в Интернете) или любое иное использование информации и объектов без предварительного согласия правообладателя.