“КАН МАНАСТЫН КЫРК ЧОРО” КИТЕБИНИН БЕТ АЧАРЫ ӨТӨТ
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө жарлыгынын алкагында жарык көргөн жаңы эмгек – “Кан Манастын кырк чоро” аттуу китептин салтанаттуу бет ачар аземи өтөт.
Жайы: Кыргыз Улуттук “Манас” театры (Бишкек ш., Самойленко 2/9)
Убакыты: 2025-жылдын 20-ноябры, саат 15:00
Бул чыгарма кыргыз элинин тарыхый каарманы Кан Манастын эрдигин жана анын кырк чоросунун баатырдык бейнесин даңазалап, улуттук руханий мурастын жаңы барагын ачат. Китеп кыргыз маданиятынын түпкү баалуулуктарын даңазалоого, жаш муундардын патриоттук сезимин чыңдоого багытталган.
Бет ачар аземинде белгилүү манасчылар, акындар, дастанчылар, адабиятчы-окумуштуулар жана маданият ишмерлери катышып, “Манас” эпосунун түбөлүктүү мааниси тууралуу ойлорун бөлүшүшөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө китеп авторлору жана түзүүчүлөрү менен жолугушуу, көркөм окуу жана музыкалык номерлер да орун алат.
Бул маданий жана руханий мааниси зор иш-чарага баарыңыздарды чакырабыз!
Ссылки на источники информации: