Кайчылаш жолдор


Кайчылаш жолдор
Кино
2026, 01 декабря, Вторник, 18:30
Стоимость: 200 сом

Описание

«КАЙЧЫЛАШ ЖОЛДОР» ЧОҢ ЭКРАНДА 👀🎬

Режиссёр жана сценарист Артыкпай Сүйүндүков тарткан «Кайчылаш жолдор» (1987) драмасы — О. Айтымбетовдун «Айкаш» романынын негизинде жаралган, 1980-жылдардын аягындагы кыргыз киносундагы терең жана маанилүү чыгармалардын бири.

Тасманын ортосунда — чоң өзгөрүүлөр доорунда турмуш жолдору кесилишкен адамдардын тагдыры турат. Каармандар жеке кризистерге, калыптанып калган салттарга жана оор адеп-ахлактык тандоого туш болушат. Адамдык татаал мамилелер аркылуу авторлор өз жолун издөө,абийир жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тууралуу терең жана жандуу баянды жарата алышкан.
Сиздерди тасманы чоң экрандан бирге көрүп, анын терең философиялык жана социалдык маанисин талкуулоого чакырабыз.

🎬 Дордой Плаза, 4-зал
📅 1-декабрь, 18:30
🎟 Билет — 200 сом

Уюштуруучулар:
Cinematica’нын алдындагы Qarash Lab кинолабораториясы, «Кыргызфильм» жана SYNCHY платформасынын колдоосу менен.

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Кино»