Финал Кубка Кыргызской Республики 2026
🏆 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУБОГУ — 2026
БАШКЫ ТРОФЕЙ. ЧЕЧҮҮЧҮ БЕТТЕШ. КУБОК ҮЧҮН СОҢКУ КАДАМ! 🔥
Кыргыз футболундагы өзгөчө күн жакындап калды! Сезондун эң маанилүү беттештеринин биринде «Нефтчи» (Кочкор-Ата шаары) жана «Мурас Юнайтед» (Манас шаары) Кыргыз Республикасынын Кубогу үчүн күч сынашат.
Эми артка жол жок. Финалда жеңүүчү гана тарыхта калат. Ким башкы трофейди көтөрөт? Ким чемпиондук кубанычка бөлөнөт? Мунун баары бир беттеште чечилет!
📅 24-октябрь
🕕 18:00
📍 Д. Өмүрзаков атындагы стадион, Бишкек шаары
🎟️ Финалдык беттешке билеттерди Kassir.kg сайтынан сатып алууга болот!
🏆 Кубоктун тагдыры чечилчү күн. Финалдын улуулугун бирге сезели!