Европейское искусство Средневековья


Европейское искусство Средневековья
Лекция

2026, 10 января, Суббота, 14:00

Музей Изобразительных Искусств им. Г. Айтиева

Стоимость: 40-300 сом


Описание

ОРТО КЫЛЫМДАРДАГЫ ЕВРОПАЛЫК ИСКУССТВО: РОМАНДЫК ЖАНА ГОТИКАЛЫК СТИЛДЕР

2026-жылдын 10-январында саат 14:00дө Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Орто кылымдардагы европалык искусство: романдык жана готикалык стилдер» аттуу лекция өтөт.

Лекцияда орто кылымдар доорундагы европалык искусствонун өзгөчөлүктөрү, анын руханий мазмуну жана чиркөө негизги кардар катары искусствонун темаларын кандайча аныктаганы тууралуу сөз болот. Катышуучулар романдык жана готикалык архитектуралык стилдердин негизги белгилери менен таанышып, аларды айырмалоону үйрөнүшөт, ошондой эле ошол мезгилдеги искусствонун башка маанилүү багыттарына кыскача обзор берилет.
Лектор: Акжибек Бейшебаева —
Г. Айтиев атындагы КУКСИМдин жетектөөчү илимий кызматкери, өнөр таануучу, арт-менеджер, куратор.

Өткөрүү күнү: 2026-жылдын 10-январы
Убактысы: 14:00 (1–1,5 саат)
Жери: Г. Айтиев атындагы КУКСИМ, 1-кабат, кинозал
Дарек: Ж. Абдрахманов көч., 196
Кирүү: музей билети менен
Баасы: чоңдор үчүн — 300 сом; студенттер үчүн — 80 сом; мектеп окуучулары үчүн — 40 сом.
Лекцияга алынган билет менен ошол эле күнү музейдеги көргөзмөлөрдү да көрүүгө болот.
Курстун бардык лекцияларына катышкан угуучуларга жыйынтыгында сертификат берилет.
Сиздерди күтөбүз!


Ссылки на источники информации:

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ

Следующие мероприятия в категории «Развитие»