V Международная конференция «Эсимде»: 90-е годы в Центральной Азии
Форум
2026, 02 октября, Пятница
- 2026, 04 октября, Воскресенье
2026, 03 октября, Суббота, 12:00
- 12:40
2026, 03 октября, Суббота, 18:30
- 20:30
2026, 04 октября, Воскресенье, 10:00
- 13:00
Описание
9️⃣0️⃣-жылдар тууралуу эл аралык конференциянын спикерлери менен тааныштырабыз!
2–4-октябрда Бишкекте «Эсимде» изилдөө аянтчасынын V эл аралык конференциясы өтөт.
⏩ Бул жолу көз карандысыздыкка алып келген коомдук өзгөрүүлөрдү, саясий кыймылдарды жана каршылыктарды, ошондой эле Борбор Азиянын 1980–1990-жылдардагы татаал тарыхын талкуулайбыз.
📃 Дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн келген изилдөөчүлөр жана коноктор баяндамаларын сунуштайт. Ошондой эле «Эсимде» 90-жылдарга арналган эки көргөзмөсүн жана эки даректүү тасмасын көрсөтөт. Конференциянын спикерлери менен таанышыңыздар:
🇰🇬 Адилет Каржоев @adilet_karzhoev — кинорежиссер, сценарист жана продюсер, Борбор Азиядагы Америка университетинин «Телекөрсөтүү, кино жана медиа искусство» департаментинин жетекчиси @auca.tcma, @bishdoclab кинолабораториясынын тең негиздөөчүсү. «Сары-Ой», «Рахмат, доктур!», «Кара вагон» жана «Бурул» тасмаларынын режиссеру.
3-октябрь, 18:30–20:30. «90-жылдар. Эсимде» даректүү тасмасынын жабык көрсөтүүсү жана тасманын авторлору, изилдөөчүлөрү менен талкуу.
🇰🇬 Алина Байтокова @baitokova_alina — режиссер, фотограф, эл аралык кинофестивалдардын лауреаты, @tartalyy көз карандысыз киножамаатынын мүчөсү. Анын «Узак жол» тасмасы «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» XIV эл аралык кинофестивалында атайын сыйлыкка татыган.
3-октябрь, 12:00–12:40. «Ашуу ашкан аялдар» даректүү тасмасынын премьерасы.
🇰🇬 Султан Усувалиев @kinovedus — кино таануучу, искусство таануу илимдеринин кандидаты, @synchy.kg медиаплатформасынын тең негиздөөчүсү. Эл аралык киносынчылар федерациясынын (FIPRESCI) мүчөсү. Кыргыз киносунун тарыхын, кино сынды жана даректүү кинону изилдейт.
VIII панель. 4-октябрь, 10:00–13:00. «1990-жылдардагы жазылбай калган кино таржымалы».
🗓 Күнү: 2–4-октябрь
📍 Дареги: Юнусалиев көчөсү, 80 (@ololoplanet)
#esimde | 2026

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Развитие»