Стендап «Проверка материала» — 18 октября, 20:30, Дари-Кудук, 400 сом, 18+. Купить билет

Киноклуб Тарталы: Ашуу ашкан аялдар


Киноклуб Тарталы: Ашуу ашкан аялдар
Кино
2026, 22 октября, Четверг, 19:00
Стоимость: Вход свободный

Описание

🎬 Кыргызстандын жаңы экономикасын түптөгөн аялдар тууралуу тасманы көрүүгө чакырабыз!

90-жылдары миңдеген кыргыз аялдары үй-бүлөсүн багуу үчүн 40–50 кг чаар баштыктарын көтөрүп, дүйнөнүн ар кайсы бурчуна сапар тартышкан.

Бүгүн биз алардын эмгегин кайрадан карап, изилдеп, бир нерсени тереңирээк түшүнүп жатабыз: алар жөн гана соода кылышкан эмес. Бүгүнкү ири эл аралык базарлардын түптөлүшүнө жол ачып, соода маршруттарын түзүп, балдарына билим берип, эгемен Кыргызстандын экономикасынын калыптанышына зор салым кошушкан.

«Ашуу ашкан аялдар» — кыйынчылыктарга моюн сунбай, өзгөрүүлөрдү өз колу менен жасаган аялдардын тарыхы.

🎥 22-октябрда @tartalyy киноклубу жана @esimdekg аянтчасы режиссер Алина Байтокованын @baitokova_alina даректүү тасмасын көрсөтүүгө чакырат!

🧵 Бул күнү сиздерди тасма гана күтпөйт!

Көрсөтүүнүн алдында сүрөтчү Мунара Абдукахарованын @moon_abdu «Ашуу ашкан аялдар» көргөзмөсүн көрүп, Мукарам Токтогулова менен Эльмира Абылбек челнокчу аялдардан топтогон 30га жакын интервьюга негизделген изилдөөнүн жыйынтыктары менен таанышасыздар.

📅 22-октябрь, 19:00
📍 @domkino.im.ch.aitmatova
Логвиненко көчөсү, 13
📲 Кирүү акысыз! Бирок алдын ала катталуу зарыл.
Катталуу үчүн WhatsApp: +996 (777) 133 383

Келиңиздер! 90-жылдардын тарыхын ошол доорду өзгөрткөн аялдардын көзү менен бирге ачалы! ❤️

Постердин дизайны: @hey.nagi

#esimde | 2026

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Кино»