Хореографический фестиваль «Алые маки»


Хореографический фестиваль «Алые маки»
Фестиваль
2026, 01 июля, Среда - 2026, 07 июля, Вторник
Иссык-Куль

Описание

ЫСЫК-КӨЛДӨ V ЭЛ АРАЛЫК «АЛЫЕ МАКИ» ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ФЕСТИВАЛЬ-СЫНАГЫ ӨТӨТ

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги V Эл аралык хореографиялык «Алые маки» фестиваль-сынагы 2026-жылдын 1–7-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөрүн маалымдайт.

2018-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан фестиваль дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген бийчилерди, мугалимдерди жана чыгармачыл топторду бириктирип, маданий диалогго жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп келет.

Иш-чара «Антре» балет мектеби жана Эл аралык хореографтар союзу (Санкт-Петербург) тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда.

Фестивалдын алкагында сынактык көрсөтүүлөр, гала-концерттер, мастер-класстар жана чыгармачылык жолугушуулар өтөт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана искусство сүйүүчүлөрү аталган эл аралык маданий иш-чараны чагылдырууга чакырылат.

Ссылки на источники информации:
Следующие мероприятия в категории «Фестивали»